С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисттери Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткенге өнөр тартуулап келишти. Бул тууралуу чыгармачыл топтун жетекчиси Суранчы Жетимишов билдирди. Кадамжай районунун жашоочуларына "Атамды үйлөнтүшүм керек" аттуу комедия жанрындагы спектакль тартууланып, эл абдан жакшы кабыл алышыптыр. Спектакль учурдагы заманбап үй-бүлөлөрдүн жашоосун чагылдырат.