Дональд Трамп өлүм төшөгүндө жатат делген Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын тууралуу оюн айтты

Вашингтондо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугу начарлап кеткендиги тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак Үйдө өткөн брифинг учурунда айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бул кабарды эч ким тастыктаган жок. Мен массалык маалымат каражаттарына анчалык ишене албай жатам", - деп билдирген Трамп.

Эгер Түндүк Корея лидеринин чын эле абалы начарлап кеткен болсо, Трамп ага ден соолук кааларын кошумчалаган.

Буга чейин Ким Чен Ынга жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам жасалган операциядан кийин ден соолугу начарлап кеткени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AksyKum
2020-04-23 14:04:43
Трамп аябай Ким Чен Ындын ооруганына кызыктыда
+7
Omar.
2020-04-23 14:23:43
Брифингде өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтпай эле дүйнөдө не болуп атканына кызыгышат окшобойбу.
+2
Telibaitentek
2020-04-23 14:45:36
өлгөнү эле жакшы бир адамдын айынан канчалаган элдер кыйналып жашап жатышат
-1
Jelezo
2020-04-23 19:53:45
Telibaitentek, бирөөнүн өлүмүн тилебей өз өмүрүңдү тиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан