Москвадагы үйлөрдүн биринин батиринен полиция 2 апта мурун каза болгон адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып, полиция кызматына коңшулары жанындагы батирден кандайдыр бир жагымсыз жыт келип жатканын айтып, кабарлашканын кошумчалашкан.
Полиция кызматкерлери келип, ал жерден 75 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Андан кыйналып өлтүрүлгөн белгилер табылган эмес. Каза болгон адам психоневрологиялык борбордо каттоодо турган. 2 апта ичинде аны эч ким издебегени жазылат маалыматта.