Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова "Zamin" аттуу фонд түзүп, аны жетектей баштады. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, фонд өлкөдөгү муктаж болгон 5 миң аялга жардам көрсөтүү менен өз ишин баштады. Беш миң аялга берилүүчү жардамдын көлөмү 5 миллиард сумду түзөт. Биринчи айым бул жардам орозо айында карантин учурунда зарыгып жаткан үй-бүлөлөргө аз болсо да кубаныч алып келет деген оюн айткан.
"Zamin" фонду узак мөөнөттөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлдү. Ал айлана чөйрөнү коргоого, угуусу начар балдардын билим алуусун жакшыртууга, социалдык сферага инновациялык технологияны киргизүүгө жардам көрсөтүүнү пландап жатат. Фонддун бюджети демөөрчүлөрдөн келген акчадан жана эл аралык уюмдардан келген гранттардан түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.