Эртең Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда таза суу берүү токтотулат
Эртең, 29-ноябрь күнү Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда таза суу берүү оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин токтотулат. "Бишкексууканалынан" маалымдашкандай, ичүүчү суу 12инчи жана 11-кичи райондорунда, Ницца конушунда токтотулмакчы. Ошондой эле "Бишкексууканал" калкты жана социалдык объектилердин жетекчилерин сууну камдап алууну эскертет.