Өзбекстан Орусия менен биргеликте кичи ГЭС курууда

Өзбекстан Орусия менен биргеликте кичи ГЭС курууда. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта "Узбекгидроэнерго" Орусия менен биргеликте Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычында кичи гидро электр станциясын куруп баштаганы айтылат.

"Долбоордун жалпы суммасы 21 миллион 300 миң еврону ( болжол менен 1 миллиард 819 миллион 235 миң 353 сом) түзөт. ГЭСтин курулушу 2020-2022-жылдарга белгиленген. Ал эми Орусиялык "Росэксимбанк" компаниясы Өзбекстанга 19 миллион 200 миң евро берет. Мында "Узбекгидроэнерго" үлүшү 3 миллион 700 миң евро. Кичи ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 10,7 мегаватт болуп, ал жылына 41 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрүшү пландалууда", - жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zamir_kgz
2020-04-24 12:52:57
Узбекистан Корейлерди кидала кылгандай кылбаса болду
+5
batleybesh
2020-04-25 01:50:02
zamir_kgz,адамды кандай экени анын созун Байкалат дей беле?
Аман эле бол!
0
Kyrgyz_bloger
2020-04-24 14:10:05
Озбекстан менен Тажикстан онугуп жатат аларды коруп уялсак болмок,орто азияда эн аркада калган олко биз болобуз коросунор,кошоматчылар болсо баары жакшы ушул убака чейин болбогон иштер болуп жатат деп сайрап жатат.
+10
chake
2020-04-24 14:24:08
Kyrgyz_bloger,630 долларга кычкач алып 386 млн долларга ТЕЦти 30 пайыз бүтүрө албаган Атамбаев элдин канын соруп кетти
+1
Kyrgyz_bloger
2020-04-24 14:50:43
chake,причем бул жерде Атамбаев,андан бери 3 жыл отту го,мен эгемендуу олко болгондон берки 30 жылдык жашоону айтып жатам,силер жалгыз Атамбаевга эле шылтап жатасынар,бизде бир дагы иштей турган президент,премер министр болгон жок,бири бирибизди чукуп,ар ким озун гана ойлоп жашап жатат.
+6
urmat94
2020-04-24 14:57:49
Kyrgyz_bloger,Бакиев болгон эн мыкты президент ушу убака чейин иштеп турганда кыйла онугот элек
-2
Kyrgyz_bloger
2020-04-24 15:05:54
urmat94,Бакиев ушул убака чейин иштегенде элдин канын ичет эле,Максим менен Жаныш бут чон ишканаларды коркутуп эле алып коймок,баласын башкара албаган адам 6 миллион элди башкарууга акысы жок.
+1
Kitep
2020-04-24 20:00:39
Kyrgyz_bloger,телефонго за подключение деп 60тыйын да кошуп койгон. Ун да 1800-2000ге бир чыгып тушкон. Свет да кымбаттаган. Кыскасы максим Кыргызстанды жайлаганы аз калган.
+1
robot111
2020-04-24 14:32:34
Озубузго келген ири инвесторду кууп жиберип анан тиги онугуп жатат оногу онугуп жатат деп мурдубузду чукуп отурабыз.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан