Орусия чебурашканы Япониядан кайтарып алмай болду

"Союзмультфильм" чебурашканын образын колдонуу укугун кайтарып алганы жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Чебурашканын образын колдонуу укугун сатып алган япониялык компания жакында эле анын катышуусу менен мультфильмдин 1-чыгарылышын элге тартуулаган.
"Биз түзүлгөн келишимди жараксыз деп эсептейбиз. Бул тууралуу япониялык тарапка да билдирүү жөнөттүк. Азыркы келишим Япониянын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн экен. Эгерде кандайдыр бир териштирүү болсо, Японияда гана өтүшү зарыл экен", - деп билдирген "Союзмультфильмдин" жетекчиси Юлиана Слащёва.
17 жыл мурун япониялык SP International компаниясы "Союзмультфильмден" Чебурашка жана Генанын "атасы" орусиялык жазуучу, балдар китептеринин автору Эдуард Успенскийдин китептериндеги каармандардын окуялары тууралуу мультфильмдерди 2023-жылга чейин жайылтуу укугун алган.
Бирок 2017-жылы "Союзмультфильм" студиясы жанданып, анын жетекчилиги буга чейин колдонуу үчүн берилген лицензияларды артка кайтара баштаган. Азыркы тапта алар алтын казынадагы мультфильмдин каармандарына берилген уруксаттардын 90 пайызын артка кайтарып алышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
assanov97
2020-04-24 14:12:41
Керемет коч
+3
Telibaitentek
2020-04-24 15:25:07
Ссср мезгилдеги орустар өтө акылдуу өтө күчтүү болушкан
+4
Kitep
2020-04-24 19:54:26
Керемет коч да аябай жакшы тарбиялуу мультфильм. Боёк жагынан да козго жагымдуу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан