Австралиянын Квисленд штатында неаполитандык мастиф породасындагы ит өлкөдө рекорд жаратып, 21 күчүк тууду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алгач 4 жаштагы Shadow (Көлөкө) 3 күчүк тууган. Бирок иттин кожоюну анын абалынан кооптонуп, ветеринардык клиникага алып келген. Мал доктурлар итке рентген жасашканда дагы 18 күчүк курсагында калганын көрүшкөн. Итке чукул арада операция (кесарево сечение) жасалып, калган күчүктөрдү жарыкка алып келишкен. Көлөкө учурда 21 күчүгүнүн курчоосунда калыбына келип жаткандыгы айтылат.
Белгилей кетсек, 2004-жылы Англияда жашаган аталган породадагы ит 24 күчүк тууп, дүйнөлүк рекорд жараткан.