"Деңиздеги дюгондор маршы". Таиландда сейрек кездешкен жаныбарлар деңиз жээгинен байкалды (видео)

Таиланддагы Либонг аралындагы Андаман деңизинде табиятта сейрек кездешкен дюгондор пайда боло баштады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
"Дюгондор - сүт эмүүчүлөр түркүмүнө кирген деңизде жашаган жаныбарлар. Алар жоголуп кетүү коркунучунда тургандыктан, кызыл китепке киргизилген. Либонг аралындагы деңиз жээгинде 30дай дюгон байкалган. Аларды кокустан байкаган оператор дрон менен тартып алган. Жай күндөрү дюгондор адамдардан жашынып, жээкке жакындашпайт. Учурда коронавируска байланыштуу туристтердин агымы токтогондуктан, сейрек кездешүүчү жаныбарлар океанда байкала баштаган. Дюгондор түркүмүндөгү жаныбарлардын башка түрлөрү бир нече кылым мурун адамдар тарабынан жок кылынган", - деп жазылат маалыматта.
Таиландда табиятта сейрек кездешкен дюгондор океанда байкалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
knk
2020-04-24 21:24:53
Жер жузун адамдар ээлеп алып, жаныбарларга орун калбай бараткан турбайбы. Карантин деп тынч болуп калдык эле, жаныбарлар да эркин кыймылдап калышты
+13
Evroset.Evroset.
2020-04-24 22:07:31
Азыр,жаратылыш,жапайы жаныбарлар,адамдардан эс алып атат. Суунун бойлорунда,кол жээгинде таштанды жок,табият кенен дем алып атат.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан