Асылбек Жээнбеков: “Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!”

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды 31-август - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

 

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

 

Биздин максатыбыз - эгемен Кыргызстанда жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, демократиялык баалуулуктарга таянган укуктук ачык коомду куруу! Буюрса, мындай зор жоопкерчиликти татыктуу аркалап, анын өтөсүнө чыгабыз. Бул багытта ырааттуу жана бирдиктүү иш алпаруу зарыл.Ушул тапта Кыргызстан жаңылануу доорун баштан кечирүүдө. Өлкөнүн бардык тармагында кайра курумдар жүрүп жатат. Анын негизги багыты – өлкө бүтүндүгүн камсыз кылуу, журт биримдигин сактоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, калк турмушун жакшыртуу.

 

Ал үчүн бизде туруктуулук менен ынтымактын болушу абзел. Эл эгемендиги менен журт көз карандысыздыгы өтө аяр мамилени талап кылган зор дөөлөт экендигин Кыргызстандын соңку тарыхы даана көрсөттү.

 

Ар бирибиз аруу тилегибиз, ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен келечеги кең, өркүнү өскөн ажайып өлкөнү курууга жапатырмак катышууга милдеттүүбүз. Ылайым, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун! Жараткан жалаң жакшылыгынан айтсын!

Дагы бир ирет Эгемендик майрамыңыздар менен!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан