Казакстандын чыгышында жайгашкан "Семей орманы" коругунда өрт чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 23-апрелде чыккан анын аянты азыркы тапта болжол менен 2 миң гектарга жеткен.
"Коюу түтүн каптагына байланыштуу аянтты так айтууга болбойт. Өрттү өчүрүү үчүн 88 техника жана 293 адам тартылган. Окуя орун алган жерде 2 тик учак иштеп жатат. Дагы бир тик учак жардамга келе жатат", - деп жазылган маалыматта.
Маалымат үчүн, "Семей орманы" коругу 2003-жылдын 22-январында түзүлгөн. Анын жалпы аянты 654 миң 179 гектарды түзөт. Аталган корукта "Кызыл китепке" кирген көптөгөн жаныбарлар бар.