Буга чейин 23-апрель күнү тамада, шоумен Манас Алыкулов уулдуу болгону тууралуу жазылган. "Уулубузга ысымды таенеси коёт, азырынча кандай ысымга токтошконун билбейм", - деген тамада SUPER.KG порталына уулун маркум төкмө акындын атынан аташканын билдирди.
"Кайненем, апам, туугандар баарыбыз кеңешип, уулума Элмирбек деген ысым ыйгарууну чечтик. Балабыз келечекте Элмирбек Иманалиевдин атын татыктуу алып жүргөн, таланттуу, ак көңүл жигит болсун деп тилейбиз", - дейт Манас.