"Түркияда менин бир гана байлыгым бар, ал менин уулум" деди Алмазбек Атамбаев
"Мени "байлыгын Түркияга алып чыгып кеткен" деген сөздөр туура эмес. Менин байлыгым Кыргызстанда эле. Түркияда менин бир гана байлыгым бар, ал менин уулум. Ошол жакта окуйт",- деди президент Алмазбек Атамбаев маалымат булактарынын бирине берген маегинде. Президент бир катар кыймылсыз мүлктөрүн мурунку бийлик тартып алганын билдирди. "Мурдагы бийликтин тушунда бир катар мүлктөрүмдү тарттырып жибергем. Азыр аларды башкалар жетектейт. Ысык-Көлдө 2 коттеджим бар эле аны да тартып алышкан",- деди президент. Атамбаев Кыргызстанда 10 миллион долларга бааланчу бизнеси бар экенин айтты.