Путин Орусиянын жарандыгын алууну жеңилдеткенге багытталган мыйзамына кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин орус жарандыгын алууну жеңилдеткенге багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Мыйзамга ылайык, Орусиянын жарандыгын алуу үчүн сөзсүз түрдө башка мамлекеттеги жарандыгынан баш тартышы зарыл эмес. "Дайыма Орусияда жашап, бирок жарандыгы жок жүргөн чет элдиктерге жарандык берилет. СССРдин аймагында төрөлгөндөр жарандык алуу үчүн Орусияда 3 жыл жашашы керек деген пункт алып салынды. Эгерде жарандын ата-энесинин бири Орусиянын жараны болсо, ал адамга дагы жарандык алууга жеңилдик болот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Sofiya05
2020-04-24 22:42:41
ЗАГС менен кандай болот?
0
aika17
2020-04-24 23:30:12
Sofiya05,Россиянын жараны менен кеминде 3жылдан ашык никеси болсо жеңилдетилген түрдө берилет деп жүрөт.
Суперчилер шашып которгонбу же орусчалары түгөнүп калганбы маалыматты толук жазбаптыр.
+5
Nargizab
2020-04-25 03:05:42
Sofiya05, загс менен сразу эле РВП алсаныз болот. Балдарыныз РФ болсо сразу ВНЖ ала алас
0
bond02
2020-04-24 23:08:03
Ошондо мурдагыдай эле болуп калабы, акыркы 3 жыл Россияда жашаш керек дегени эле жок болуптур.
-1
KalenAlmaz
2020-04-24 23:10:56
Бир жыл мурун еле ушундай жол менен бере баштаган эн негизгиси тууганын рф болсо болду проблема жок.
0
Nargizab
2020-04-25 03:07:35
KalenAlmaz,Азыр бир тууганы РФ болсо алыш жок болуп калды окшойт
0
Milduri
2020-04-24 23:30:03
Россиянын жеринин аянты аябай чоң канчалаган мамлекеттер менен байланышат, чек арасын кайтарганы эле канча солдаттар керек а Россияда барган сайын, жылдан жылга төрөлүү азайып баратат, мындай темп менен кетсе чек арасын кайтарганы солдаттар деле азайып кетет. Ошондуктан Россия өзүнө чет мамлекеттерден жарандарды каттоого алып Россиянын жарандыгын берип, туулган балдарынан бери Россия жаранын бербесе мамлекетинин бүтүндүгүнө кийин кыйын болуп калат.
+6
nuris14kg
2020-04-25 00:00:02
Урдум РФ паспортун.
+11
Paol
2020-04-25 01:14:31
Временно эле иштегени барбасак ал жака а так Кыргызстанымдан өтөөрү жок
+15
Tolkun555
2020-04-25 02:21:50
Paol,эн туура айтасын.1 жарымда кайра келем деп 14 жылдан бери Россияда журом.керек эмес деп журуп жамандык алганыбызга да 10 жыл болуп калыптыр.эх жашоо
+2
Tolkun555
2020-04-25 02:23:26
Tolkun555,жарандык
+3
Jelezo
2020-04-25 11:18:31
Paol,Россиянын жарымы кыргыздардын жери болгон коркбой жарандык алып жерлерди ээлей бергиле.Кыргызстанда чөп орок талашып туугандарың менен урушбай.
0
Baktyluumun98
2020-04-25 02:42:13
Россия жарандарын эптеп көбөйткүсү келип атат. Бизде болсо "ненавижу много детные семьи" дегендер бар. Эхх, жашоо!
+7
Telibaitentek
2020-04-25 04:41:02
Baktyluumun98,бирөөгө кар бирөөгө зар да
+3
Evroset.Evroset.
2020-04-25 05:40:17
Кыргызстан дагы РФтей женилдиктерди берсе,эч албайт болчу.
0
Mirnar
2020-04-25 13:34:39
Кыргыздар РФ паспорт алышса,жанталашып кытайлар КР паспорт алып атышат. Оз жерибизди элибизди коргойлу .
+5
Nursultan.92
2020-04-25 17:04:57
Мен Кыргызстанымды эч бир нерсеге алмаштырбайм алтын берсе дагы Манас атабыз бизди эл кылган!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан