"Талибан" кыймылы Рамазан айында согуштук аракеттерди токтото туруу сунушунан баш тартты

"Талибан" кыймылы Рамазан айында ок чыгарууну токтотуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын президенти Ашраф Гани "Талибандын" мүчөлөрүнө согуштук аракеттерди убактылуу токтото турууну сунуштаганы айтылат.

"Мындай сунуш Ооганстан өкмөтү тарабынан дагы 23-апрелде эле айтылган. Ал эми президент Ашраф Гани Рамазан айынын башталышы жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу "Талибанчыларды" бирдиктүү макулдашууга келүүгө үндөгөн. Бирок кыймылдын өкүлдөрү өкмөт алардын талаптарын аткармайынча убактылуу элдешүү мүмкүн эместигин билдиришкен. Түндүк атлантикалык конвенция уюму (НАТО) "Талибан" кыймылынын бул чечимин сынга алган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-04-26 00:26:03
Тынч эле жашай берсе болот
+2
ZUXRIDDIN20
2020-04-26 05:20:00
Талибандын артында чоң чоң мамлекеттер каржылап турганда эмнеден коркот урушатта анан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан