Кытай Түндүк Кореянын башчысынын ден соолугу боюнча айтылган кептерден улам адистер тобун жөнөттү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам жасалган операциядан кийин анын ден соолугу начарлап кеткени кабарланган. Буга байланыштуу Кытай бийлиги адистерден турган атайын топту Түндүк Кореяга жөнөттү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар өз булактарына шилтеме берип жазып чыгышты.

Медициналык адистерден турган атайын делегацияны Кытайдын Коммунисттик партиясынын эл аралык байланыш бөлүмүнүн өкүлү жетектеп, 23-апрелде Пекинден учуп кетишкени айтылат маалыматта. Ал эми сөз болуп жаткан эки өлкөнүн мамлекеттик тийиштүү мекемелери бул боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Дүйнөлүк басылмалар Ким Чен Ындын ден соолугу начарлап кеткендиктен, анын ордун карындашы Ким Ё Чжон басышы мүмкүн экенин жазышууда. Себеби 2019-жылдын аягында Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин пленумунда Ким Чен Ын күтүлбөгөн жерден каза болуп калса, бийлик анын карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүлөт деген чечим кабыл алынган. Түндүк Кореянын лидеринин алмаштырчу айым тууралуу бул жактан окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ZUXRIDDIN20
2020-04-25 13:05:40
мындай ойлоп карасаң Кытайдын не иши бар башка мамлекет саясатына
+6
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-25 14:05:33
ZUXRIDDIN20,барып коргуло. Эгер айыгып кетчудой болсо сразу тынчытып келгиле деп жиберет да Кытац.
0
nurbek11
2020-04-25 21:26:44
ALATOOLUK.JIGIT,Кытай менен Тундук Корея жакын санаалаш олколор. Т.Кореянын президентинин олуму Т.Кореяны жоготуп алуу коркунучун жара ат. Себеби жаны президент Акшнын адамы болуп калса Кытай учун абдан чон проблема болот.
0
AksyKum
2020-04-25 13:24:41
Ким Чен Ын коп президенттерди суйунтуп жататда
+4
Mirlan27011987
2020-04-25 13:38:13
Аял киши президент болуп калса Кореяда коп озгоруу болот.
+2
ZUXRIDDIN20
2020-04-25 16:32:15
Mirlan27011987,Элине жакшылык келтирип мамлекетти өнүктүргон президент келсе эле болду. Илгерки Түштүк Кореянын президенти КИМ Ёң Бак деле аял киши болсода өкмөттү жакшы башкарганго
0
Mylatka..
2020-04-25 14:29:03
Америка мн Кытай баардык эле олколорго башын тыгып басып журот экен да
,...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан