Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен чын дилден куттуктайм. Терең тарыхы бар биздин өлкөлөр алакасы стратегиялык өнөктөштүктүн жана бирге кызматташуунун жаңы деңгээлине чыкты. Саясий пикир алышуу кеңейип, ар тармактуу кызматташуу жанданды. Биргелешип баштаган масштабдуу долбоорлор ишке ашууда",- деп башталат куттуктоо.
Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жана кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакыт, жетишкендик, ал эми Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү каалады.