Грузиянын өкмөтү Михаил Саакашвили Украинанын вице-премьер кызматына сунушталганына нааразы

Грузиянын өкмөтү Михаил Саакашвили Украинанын вице-премьер кызматына сунушталганына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Грузиянын өкмөтү бул эки өлкөнүн алакасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Ал эми Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария өз өлкөсүндө соттолуп, издөө жарыяланган кишиге Украинада чоң кызмат сунушталышы акылга сыйбаган иш экенин билдирген.

"Чечим кабыл алынса, биз эң аз дегенде Киевдеги элчибизди кеңешүү үчүн чакыртып алабыз", - деген Гахария.

Бул тууралуу Украинада да ар кандай талкуулар болуп, партия ичиндеги сүйлөшүүлөр бир чечимге келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KalenAlmaz
2020-04-25 15:15:04
Зеленский деле хуже Парашенко.
+1
Jelezo
2020-04-25 15:29:25
Грузияда Саакашвили токтоткон коррупция кайра жандана баштаптыр грузиялыктардын айтымында
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-25 19:15:30
Бакасуулу Сакашвилини биз чакырышыбыз керек эле озу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан