Фейсбук "Messenger Rooms" сервисинин ишке киришин жарыялады. Аталган сервис топ болуп видео чалуу кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган сервистин жардамы менен бир учурда 50гө жакын адам видео чалуу менен баарлаша алат.
Конференцияларды Facebook жана Facebook Messenger тиркемелери аркылуу ишке ашырса болот. Дагы бир өзгөчөлүк видео чалууга Фейсбукка катталбаган адам дагы кошула алат. "Messenger Rooms" алгач бир нече өлкөлөрдө ушул аптада жеткиликтүү болот, бирок кайсы өлкөлөрдө экени так жазылган эмес. Андан соң аталган функция бүт өлкөлөрдө пайда болот.
Убакыттын өтүшү менен аталган функция Инстаграм жана WhatsApp тиркемелеринде да пайда болот.