Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына Германиядан эки футболчу келип кошулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун (КФС) башкы катчысы Медер Сыдыков "Кыргыз Спорт ТВ" телеканалына берген маегинде билдирген.
"Бизде буга чейин улуттук курама менен машыгуу өткөргөн германиялык эки футболчу бар. Азыркы учурда алардын жарандыгы жөнүндө маселе чечилип жатат. Алардын ата-энелери бир убактарда Кыргыз өлкөсүндө жашап кеткен. Футболчулар өздөрү биз менен байланышты. Эгер жарандык алуу маселеси чечилип калса, жакында алар биз үчүн ойноп баштайт", - деп билдирген башкы катчы.
Азыркы учурда "Ак шумкарлардын" курамында буга чейин Германия чемпиондугунда ойноп, кийин Кыргыз жарандыгын алган үч оюнчу бар. Алар: Виталий Люкс, Эдгар Бернхардт жана Виктор Майер. Бул футболчулар көзгө толумдуу оюну менен "Ак шумкарлардын" катарында ийгилик жаратып келет.