Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда карантиндик режим алына баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Кара тумоого байланыштуу ооруканага жаткырылган 140 жаран үйлөрүнө чыгарылып, калгандары Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Аларды дарылоо иштери аягына чыга элек. Карантиндик режим учурда Ичке-Жергез айылында күчүндө, 4-сентябрда биротоло алынмакчы. Кара тумоого байланыштуу дарылануудан өтүп жаткан бир айым төрөп, учурда эне-баланын абалы жакшы экени кабарланды. Ак-суулуктардын 92 пайызы медициналык текшерүүдөн өтүштү, текшерүү улантылууда. Айта кетсек, 22-августта аталган райондун 15 жаштагы тургуну кара тумоодон көз жумуп, аймакка карантиндик режим киргизилген эле.