Бүгүн, 26-апрель күнү АКШнын ханайымы Мелания Трамп 50 жашка чыкты. Дене мүчөсү келишкен Мелания 50 жаш курагында да айрым 18 жаштагы модель кыздарды чаңында калтырчудай. Анын өзүнө кам көрүүсү, эл алдында өзүн алып жүрүүсү, кийим тандоодогу табити, деги койчу, чачынын учунан бут кийиминин учуна чейин талкуу жаратып келет. Көбүнесе өз дарегине карата стилисттерден мактоо угат. Андыктан ханайымдын өзүнө куп жарашкан образдарын чогуу карап көрөлү.