
Орусиянын Новосибирск облусунда 6 жаран таштандыдагы суюктукка ууланып, каза болушту. Дагы бир жаран оор абалда ооруканага жеткирилди деп жазышат орус маалымат булактары.
"Черепановск районундагы тиричилик каражаттары ташталган талаада 7 жаран белгисиз суюктукка ууланып калышкан. Анын кесепетинен алтоо каза болуп, бирөө оор абалда медициналык жайга жеткирилген. Уулангандар ичкен суюктук экспертизага жөнөтүлүп, бул факты боюнча тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.