Бүгүн, 31-августта Ош шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара болду. Салтанатка биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, облус башчы Сооронбай Жээнбеков, шаар башчысы Мелис Мырзакматов катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Майрамдын урматына "Манас" эпосунан үзүндү аткарылып, мекеме-ишканалардын кызматкерлери параддан өтүштү. Андан кийин концерттик программа тартууланды.