Түштүк Кореянын президентинин кеңешчиси Ким Чен Ындын ден соолугу жайында экенин айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аман-эсен жана ден соолугу жайында. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президентинин эл аралык мамилелер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мун Чжон Ин америкалык басылмаларга билдирген.

"Биздин өкмөттүн позициясы бекем. Ким Чен Ын тирүү жана ден соолугу жайында. Ал 13-апрелден бери өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Вонсан шаарында. Эч кандай шектүү кыймылдар байкалган жок", - деген Түштүк Кореянын президентинин кеңешчиси.

Буга чейин дүйнөлүк басылмалар Ким Чен Ын 11-апрелден бери эл алдына чыга электигин, анын акыбалы жүрөк-кан тамыр ооруларына карата жасалган операциядан кийин начар болуп кеткендигин жазып чыгышкан. Анын ордун басууга карындашы Ким Ё Чжон даярданып жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZUXRIDDIN20
2020-04-27 11:28:18
Ошентип коётта эми. Өлдү кетти кырдаал жаман дебейтко
+1
bond02
2020-04-27 15:14:01
Дуйно эки тарап болуп жатат, бир тарабы олду дейт бир тарабы ден соолукта дейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан