Антарктидада миллион жылдар мурда жашаган баканын скелетинин калдыктары табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта уникалдуу табылганын изилдөөлөрү илимий журналга жарыяланганы айтылат.
"Буга чейин Антарктидада бир да жолу амфибиялар тобундагы жандыктардын издери табылган эмес. Алдын ала изилдөөлөр боюнча, баканын скелети 40 миллион жыл мурда аяктаган эоцен дооруна таандык экени аныкталган. Баканын сөөктөрүнүн суук континентте табылышы миллион жылдар мурун бул жакта климат ысык болгон дегенге негиз берет", - деп айтылат маалыматта.