ОПЕК+ келишими күчүнө киришин күтпөстөн Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнү кыскарта баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Арабдар суткасына 8 миллион 500 баррел өндүрүп чыгуу көрсөткүчүнө май айына чейин эле түшөт өңдөнөт.
Буга чейин Кувейт, Алжир жана Нигерия дагы 1-майды күтпөстөн, мунай өндүрүүнү кыскарткан. Алар бул чечимин мунайга болгон суроо-талаптын жоктугу жана аны сактоочу жайлардын жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн.
Өндүрүүчүлөр май айындагы фьючерлер менен болгон көрүнүш дагы кайталынышы мүмкүн деп чочулашууда. Анда мунайдын баррели минус 40 долларга чейин түшүп кеткен.