Бүгүн, 31-августта Баткен шаарында Эгемендүүлүк күнү жогорку деңгээлде белгиленүүдө. Иш-чара Баткен аймагынан чыккан улуу инсандар Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл коюу менен башталды. Саат 11:00дө борбордук стадиондо облус башчы баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Тажикстандан келген өкүлдөр шаардыктарды майрамы менен куттукташты. Андан кийин парад болду. Учурда шаардыктар концерттик программага күбө болушууда.