"Google" компаниясы Өзбекстанга 85 миң евро төлөп берди

"Google" компаниясы Өзбекстанга салык төлөй баштады. Анын эсебинен өлкө казынасына 2020-жылдын биринчи кварталы үчүн 85 миң евро (болжол менен 7 миллион 412 миң 189 сом) өлчөмүндөгү каражат түшкөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышат.

Өзбекстанда "Google" компаниясынан тышкары дагы 9 чет өлкөлүк компания салык төлөөчү катары каттоодон өткөн. Алардын катарында "Samsung", "Netflix International" жана "Apple" компаниялары дагы бар.

Маалым болгондой, 2020-жылдын тартып күчүнө кирген салык кодексине ылайык, Өзбекстанда санариптик кызмат көрсөткөн бардык компаниялардан салык төлөмдөрү алына баштаган.

Кыргыз өлкөсүндө дагы чет элдик компаниялардын интернет ресурстарына салык салуу демилгеси көтөрүлгөн. Буга байланыштуу мыйзам иштелип чыгып жатканы Экономика министрлиги тарабынан кабарланып, бирок анын качан даяр болору айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Mirnar
2020-04-27 23:08:27
Биздикилер мамлекет учун пайдалуу мыйзам жазгандын ордуна, оздоруно пайда алып келуучу мыйзам жазыш менен убара.
+23
robot111
2020-04-28 11:22:24
бизгедагы салык тушушу керек. Бул компанияга бизден эле канчалага миллиондор кетип жатат.
+1
adoi
2020-04-27 23:44:12
Шавкат ака зор иштеп жатат кучтуу президент
+23
Zhoro
2020-04-28 00:58:28
Эмнесин айтайын оо Кыргызым умтулайлычы алга
+8
Aimani
2020-04-28 01:07:21
Бищ ХХХХХ болуп жата берели
+2
XATSAN125
2020-04-28 02:19:00
шавкатти арендага алып турат окшойбуз
+17
Telibaitentek
2020-04-28 02:27:11
Кыргызды Кыргыздын канына жанына ичине сиңип кеткен ит уруктар бузуп жатат
+7
tular
2020-04-28 02:44:39
Биздин мыйзам жазгандардын буга башы жетмек тугул жазып бергенди жондоп окуй албай жатышпайбы!
+14
Jaka78
2020-04-28 03:34:30
Бийликте эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албагандар отурганы өкүндүрөт,
+7
Kyrgyz_bloger
2020-04-28 04:06:04
Биз бийликтегилерди эч эле жамандап бутпой койдук го,бийлик бул элдин жузу эл онолсо анан бийлик да онолот,биз шайлоодо акча алсак,бейиштей жерибиз бар деп коюп бирок мусорду каалаганча ыргытсак,чет олкодо дагы бири бирибизди уктатсак,мыйзамга баш ийбесек,анан бизге жакшы чондор келеби,Рамзан Кадыровго суктанабыз ушундай башчы керек деп,Швецарияга Швецияга суктанабыз бирок ал жактагы катуу мыйзамдарды бизде иштетсе эл митинг кылып жиндейт,анан бизге эмне керек.
+8
Muzik
2020-04-28 05:37:22
Элине жараша падыша дейт.
+4
Kubatbek1974
2020-04-28 06:54:30
Өзбекистанга жетпей калдыкго, алар кыйла өнүгүп кетти.
+1
sirenaaaaa
2020-04-28 10:32:29
Узбекский хххххтар чыга баштаптыр гооглда. Ошол жактан пайда таап атышкандыр да балким
-1
chake
2020-04-28 11:14:32
Өзбекстан өнүгүп кетти Шавкат кыйын дегендер Өзбекстанга барып 3 күн жашап көрсөңөр кыргызстандын кадырын билет элеңер
+2
bekbolotabdirasulov
2020-04-28 13:09:28
болгону $85000 элеби, Google'га 0.0000000001% ко
хотья $500 000 болгондо бир аз окшошмок...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан