Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге маникюр, педикюр, татуаж жасоого, жасалма кирпик чаптоого тыюу салынды

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда мамлекеттик мекеменин кызматкер айымдарына жаңы талаптар коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Мындан ары мамлекеттик кызматта иштеген айымдарга чачын түркүн түскө күйгүзүп, жасалма кирпик чаптаганга, кашына татуаж кылдырганга жана маникюр, педикюр жасатканга тыюу салынат. Ошондой эле жакасы ачык, улуттук оймо-чийме тартылган кийимдерди кийүүгө болбойт. Жакында Ашхабаддагы мектептерде атайын чогулуш өткөрүлүп, жаңы киргизилген талаптар менен тааныштырышкан.

Буга окшогон чектөөлөр Ашхабадга 2 жыл мурун киргизилген, бирок кийинчерээк көп жагдайларга уруксат берилген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
leilekstan_1987
2020-04-27 17:52:33
Туура эле бир жагыдан жаш сулуу корунгон эжекелердин табигый жузу м.н таанышасын)))
+3
assanov97
2020-04-27 18:02:41
Аида исмаилова покинула группу
+7
KalenAlmaz
2020-04-27 18:07:38
Биздин Роза эжебиз жыланач еле журотго
+4
bond0202
2020-04-27 18:13:17
ошондо кандай кийинишет?
+2
rysik79
2020-04-27 18:26:57
Турменбашы башына келгенди кылат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан