Сауд Арабиясында өспүрүмдөргө берилген өлүм жазасы жокко чыгарылды

Сауд Арабиясында өспүрүмдөр үчүн каралган өлүм жазасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындан ары кылмыш кылган өспүрүмдөрдү өлүм жазасына тартпай, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда. "Amnesty International" укук коргоо уюмунун билдиришинче, 2019-жылы өлкөдө 184 кылмышкер өлүм жазасына тартылган. Алардын арасында 1 өспүрүм бала болгон. Ошондой эле 24-апрелде кылмышкерди камчы менен сабаган жаза да жокко чыгарылып, ал абакка отургузуу же айып төлөө менен алмаштырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Center
2020-04-28 15:13:38
Туура кылыпсыңар, доор өнүккөн кезде дагы деле эски эрежелерди колдонуп камчылабай камакка эле алып, же соцжумуштарга тартып жазалаганы эле туурада.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан