Жыттардын таасири менен адам салмак кошуп же тескерисинче андан арыла алат. Мындай жыйынтыкка келген окумуштуулардын изилдөөлөрү "Nature Communications" ("Жаратылыш байланыштары") журналына жарыяланган.
Изилдөөгө ылайык, ар кандай жыттар адамдын организминдеги зат алмашууга жооп берген нерв клеткаларына таасир берет. Окумуштуулар эксперимент жүргүзгөндө, жыт сезүү клеткалары нейропептид FLP-1 деген зат бөлүп чыгарарын байкашкан. Өз кезегинде бул зат май алмашууну жөнгө салып турган гендердин ишине таасирин берген. Натыйжада нейрондор активдешип, организмдеги майларды айрым учурда азайтары же кайра кошору аныкталган. Адистер мындай жыйынтыкка жаныбарларга жасаган тажрыйбасынан улам келишкенин белгилешкен. Алардын айтымында, эгер бул эксперимент адамдарга да жасалып, ал тастыкталса, анда алар тамак рационун өзгөртпөй туруп арыктап же салмак кошсо болот.
Окумуштуулар адамга кайсы жыт кандай таасир берерин айтышкан эмес. Бирок өздөрүнө бул сыр маалым экенин чет элдик маалымат булактары жазышкан.