Барак Обама Сирияга сокку уруу чечимин кабыл алды

АКШнын президенти Барак Обама Сирияга аскердик сокку уруу чечимин кабыл алды. 31-августта Обама аталган өлкөдө химиялык куралдын колдонушу боюнча дагы бир билдирүү жасап "АКШ өзү каалаган учурда Сирияга сокку урууга даяр",- деди. Президент Сирияда химиялык куралдын колдонулушу АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата турганын баса белгиледи. Ошондой эле бул маселени 9-сентябрда Конгресстин талкуусуна алып чыга турганын жана парламент анын чечимин колдой турганына үмүтү бар экенин билдирди. 

Айта кетсек, Сириядагы жарандык согуш күчүндө. Август айында Дамаск шаарындагы тополоңдо миңдеген адам кырылып, оппозиция бийликти "химиялык курал колдонду" деп айыптоодо.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан