Жарандар Улан-Баторду өрттөн сакташ үчүн аны курчоого алышкан

Монголиянын борбор шаары болгон Улан-Батордон алыс эмес жайгашкан тоодо өрт чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт 26-апрелде Богд-Хаан тоосунун батыш бетинде башталган. Аталган тоо Улан-Батор шаарынын Зайсаң аймагына жакын жайгашкан.

"Өрт башталганда эл чогулуп, аны өчүрүү жана жайылтпоо аракетин көрүп жатты. 2 миң 500гө жакын адам чынжырча болуп туруп, өрттү чектөөгө алышты. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен тилсиз жоо өчүрүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда өрткө себеп болгон "Баясак Трейд" компаниясынын 54 жаштагы кароолчусу кармалган. Ал өзүнүн эски кийимин талаага алып барып өрттөгөн. Мындын улам өрт уланып кеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zlum
2020-04-28 11:55:15
Молодец жакшы кылышыптыр
+1
Sabette
2020-04-28 11:56:53
Алда э урайн кыйын калк болот окшойт бул монголдорда
+3
KalenAlmaz
2020-04-28 11:57:59
Вирус жокпу Манголияда,хренов окумуштуулар тутундон бир бирине тез жугат дебедиби еле.
+2
zzz---zzz
2020-04-28 18:31:38
KalenAlmaz, ошо окумуштууларды урдум, андан көрө арча, ысырык түтөтүп койсо вирус өлөт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан