Орус илимдер академиясынын биоорганикалык химия институтунун окумуштуулары караңгыда күйүп турган өсүмдүктү жасалма өстүрүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
Маалыматта окумуштуулар жараткан өсүмдүктөн кадимки тамеки жасалары айтылат.
"Окумуштуулар биолюминесценциялык (жарыгы бар) козу карындын ферменттерин колдонуу менен тамеки жасоого колдонулган өсүмдүктү лабораториялык шартта өстүрүшкөн. Натыйжада бул өсүмдүк жашыл түстөгү жарыкты берүү функциясына ээ болгон. Эгер бөлмөнү караңгылатса, тамеки өсүмдүгү айланага жарык чачат. Кезекте роза, орхидея, петуния гүлдөрүнө ушундай эффект кошуу пландалууда. Окумуштуулар бул илимий ишин "тирүү шам чырактар" деп аташкан. Мындай өсүмдүктүн жанына банандын сыртын коюп койсо, ал мурункудан да жарыгыраак күйө баштары байкалган. "Тирүү чырактын" жаратуучулары күйүп турган тамекилер сатыкка чыгарылбашын айтышкан. Бирок гүлдөргө (роза, орхидея, петуния) жасалган тажрыйба ийгиликтүү болсо, аларды сатууга ураксат берилерин белгилешкен", - деп жазылат маалыматта.