
Испанияда
Виктор аттуу жаш баланын 6 органын алмаштыруу боюнча операция ийгиликтүү өтүп, бала ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Февраль айында баланын ашказан, боор, 12 эли ичеги, ичке ичеги, жоон ичегинин жарымы, уйку безин алмаштыруу боюнча операция жүргүзүлгөн. Мындай чоң жоопкерчиликти мадриддик Hospital La Paz ооруканасы жоопкерчилигине алып, февраль айында операция жасашкан. Өткөн аптада Виктор калыбына келген соң ооруканадан чыгарылган.
Виктор бул операцияны 3 жыл бою күтүп, ал аралыкта суткасына 18 саат тамактануу үчүн атайын аппаратка кошулуп келген. Баланын апасы уулунун ден соолугунда маселе бар экендигин 27 апталык боюнда бар кезинде билген.
Мадриддик оорукананын трансплантология бөлүмүнүн жетекчиси Эстер Рамостун билдиришинче, Виктор оор операцияны башынан өткөрсө да, калыбына келүү процесси жакшы болгон. Ал көпкө чейин интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатып, операциядан эки айдан кийин ооруканадан чыгарылган.