Бүгүн, 28-апрель күнү Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарындагы Үмөталиев менен Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр калканынан өрт чыгып, жанаша жайгашкан кафеге өтүп кеткен. Өрт өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, чектөөгө алынды. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.