Кыргызстанда жарым жыл ичинде 333 адам балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн аталык укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун алдындагы соттук департаменттин башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Кожомбердиев билдирди. Сотто 6 ай ичинде алимент төлөбөө фактысы боюнча 20 миң 840 иш каралган. Балдарына алимент төлөбөгөн 1600 жаранга издөө жарыяланып, 333 адам аталык укугунан ажыратылды.