Бишкекте "адам өлтүрдү" деп шектелген жаран кармалды
Бишкек ШИИББинин кызматкерлери оор кылмыштын бетин
ачышты. 1-сентябрда Свердлов РИИБине Саратов көчөсүндө белгисиз
аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция
кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, маркум алган оор жаракаттардан улам
каза болгондугуна күбө болушкан. Ыкчам иликтөөлөрдөн кийин кылмышка
шектелип 51 жаштагы К.Г. кармалды. Шектүү өз күнөөсүн мойнуна алып, маркум
менен 31-августта спирт ичимдиктерин ичишип, ортодо уруш чыгып, аны сабап өлтүрүп койгонун айтып берди. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып,
тергөө иштери улантылууда.