Иркутскта токойду өрттөп жаткан чиновниктерди жергиликтүү тургундар кармап алды

Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Кутский районунда жергиликтүү тургундар токойду өрттөп жаткан аткаминерлерди кармап алышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, райондун башчысынын орун басары Михаил Барс, анын басма сөз катчысы Екатерина Анисимова жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Михаил Тышкивский күйүүчү май куюлган идиштери менен токойго келишкен. Алар өздөрү өрттөгөн токойду квадраткоптер менен видеого тартышкан.

Буга чейин алар өрт коопсуздугунан улам жергиликтүү тургундарга токойго барууга чектөө коюлганы тууралуу буйрук чыгарышкан.

Жергиликтүү тургундар кармалган чиновниктерди сабап жиберишкен. Азыркы тапта окуя болгон жерге Тергөө комитетинин атайын тобу жөнөтүлүп, иликтөө иштери башталган.

Орусиянын аймагында азыркы тапта 1 миллион 300 миң гектар токой өрттөнүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2020-04-29 14:05:02
Оzдору куйгуzуп,ошол ортко болунгон акчаны болуп жейли деген го ХХХХ
+11
KalenAlmaz
2020-04-29 14:54:43
Тушунуктуу кандай еле токойлор орттонуп кетет десе
+6
Asman779
2020-04-29 17:29:53
Ушуларга окшогон акмак чиновниктер бизде да бар Мамлекетти артка тарткан
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан