Бишкекте Акыйкатчы институтун өнүктүрүүгө арналган жыйын өтөт
3-сентябрда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар
жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин "КРнын Акыйкатчы институтун
өркүндөтүү: жарандык коом менен Жогорку Кеңештин өз ара аракети" аттуу көчмө
жыйыны болот. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага акыйкатчы
кызматына шайланууну көздөгөн талапкерлер да чакырылат. Айта кетсек, июнь
айында акыйкатчылык кызмат бош калып, 3-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан ал
кызматка талапкерлерден арыздарды кабыл алуу башталып, акыйкатчы болом деп 54 талапкер катталды.