Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы адамдардын фамилиясын жана атасынын атын колдонууда славяндашкан мүчөлөрдү колдонууга тыюу салган долбоорду кабыл алды.
Маалыматка ылайык, буга чейин колдонулуп келген -ов, -ев, -ова, -ева, -ович же -овна сыяктуу мүчөлөрдү мыйзамга толуктоо киргизилгенден кийин колдонууга болбойт. Ал эми ага чейинки коюлуп калган фамилиялар өзгөртүлбөйт. "Өлкөдөгү улуттук азчылыкты түзгөн жашоочуларга андай тыюу жок, алар жаңы төрөлгөн балага кандай мүчөнү коюуну өздөрү тандашат", - дейт Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён.
Мындай чечим улуттук ысымдарды жандандырууда маанилүү дешет бийлик өкүлдөрү.