Битир-садака Исламда материалдык чыгымдарды талап кылган мыйзамдаштырылган ибадаттардын бир түрү болуп саналат. Битир-садаканы Рамазан айы бүткөндөн кийин беришет. Садака берүү мусулман үчүн милдеттүү иш-аракеттердин категориясына кирет.
Эми битир-садаканы Balance.kg уюлдук тиркемеси аркылуу төлөсө болот. Мындай жаңылануу өзгөчө абал учурунда үйдөн чыкпай динге ишенген кардарлар үчүн кам көрүү үчүн жасалды. Balance.kg аркылуу битир-садака төлөөнү (эгерде сиздин смартфон Android болсо) видеороликтен көрсөңүз болот.
Эгерде сиздики iOS болсо, колдонмонун жогорку оң бурчунан издөөнү ачыңыз, битир-садака дегенди тандап, кайрымдуулуктун суммасын көрсөтүп, төлөсөңүз болот.
Муфтият быйылкы жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. 2020-жылы ар бир адамдан битир-садаканын өлчөмү – 1,6 килограмм буудай (35 сом), мейиз (384 сом), ун (60 сом) же 3,2 килограмм арпа (54), курма (512). Бул азык-түлүктүн баасы туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.
Ыйык рамазан айында Ислам тамактануудан гана баш тартпастан, көздүн, кулактын, тилдин азгыруусунан сактаганга чакырат. Ушак, жаман сөз айтпай, тескерисинче күч-кубатты жакшы иштерге жумшоо зарыл.
Balance.kg бардык мусулмандарга чың ден соолук жана жеңил орозо каалайт!