Бишкектеги “Дордой” базарында уурулук кылган" деп шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 42 жаштагы У.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, базардагы контейнеринен товары уурдалганын айтыптыр. Свердлов РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү деп 41 жаштагы С.Ж. жана 33 жаштагы С.С. аттуу эки аялды кармашты. Учурда тергөө жүрүп жатат.