Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен Кытайда жүрөт
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен учурда Кытайда жүрөт. 1-сентябрда ал Үрүмчүдөгү айыл чарба технологиялык сейил багында болуп, андагы өсүмдүктөр, аларды өстүрүүнүн ыкмалары менен таанышып чыкты. Сатыбалдиев КЭРдин төрагасынын орун басары Ли Юаньчао жана башкалар менен жолугушууларды өткөрөт.
Автор: Автандил ДобулбековФото: Өкмөттүн басма сөз кызматы