"Дардаңдап дос-жар күттүм деген менен дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын...". Акын Зайырбек Ажыматовдун "Жарты кайыгы"

Кечээ, 29-апрелде белгилүү акын, журналист, көптөгөн мыкты ырлардын автору Зайырбек Ажыматов 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Акындын артында мыкты эмгектери калды. Зайырбек Ажыматов көзү тирүү кезинде SUPER.KG порталына өзүнүн турмушунан алынган "Жарты кайык" аттуу ырынын жаралыш тарыхын айтып берген.

Аталган ырга белгилүү обончу Түмөнбай Колдошов обон жазган. Алгач ал чыгарманы ырчы Самара Сабирова аткарган. Андан соң белгилүү ырчы Алтынай Нарбаева аткарып жүргөн.

Зайырбек Ажыматов "Жарты кайык" ыры өзүнүн тагдырынын өксүккө туш болушунан улам жаралганын баяндаган. Анда акын атасы 27 жаш кезинде көз жумуп, жетим өскөнүн, 23 жаштагы апасы 3 баласы менен башка адамга турмушка чыкканын айтып өткөн. Бул турмушта анын жашоосундагы эч бир көрүнүш толук болбогонунан "Жарты кайык" жазылганын айткан.

Ал эми Түмөнбай Колдошев обон 2012-жылы жаралганын, дал ошол мезгилде бул ыр обончунун психологиялык абалына туура келип турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-30 09:49:55
Закем созун жазып,Туком ожазып чыгарып,Самара эже ырдап 0 залкапды бириктирген.. Келчыгар чыгарма болгон.
0
Usow
2020-04-30 13:26:23
Аябай соонун ырго эми угуп атам Алтынай эже аткаруусунда
0
Jasi.jasi
2020-05-01 03:27:47
Жаткан жериниз жайлуу болсун
0
Mister-X
2020-05-01 06:48:13
Зайырбек элине өлбөс,өчпөс ырларды жаратып кетти.Жаткан жериң жайлуу,топурагың торко болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан