Кыйын күн башка түшкөндө адамдар гана эмес, жаныбарлар да бири-биринен колдоо издешет. Бул сөздөргө сүрөтчү Тобиас Баумгартнердин тарткан сүрөттөрү далил.
Сүрөтчү түгөйлөрүнөн айрылып бири-бирин кучактап, колдоп турган пингвиндерди сүрөткө тартып алган. Алар алыста чырактары жанган Мельбурн шаарын карап турушкан.
"Кыйын күндөрдө жанында колдогон адамы барлар кандай бактылуу. Мен бул сүрөттү 1 жыл мурун тарткам. Бул кичинекей пингвиндер бирин-бири кучактаган бойдон, үнсүз бир нече саат алыстагы чырактарды карап турушту. Ыктыярчы жаныма келип, ак түстөгү пингвин жашы өтүп калганын жана ал жанындагы пингвиндей эле өз түгөйүнөн ажыраганын айтып берди. Бул көз ирмемдер сиздерге жагат деп ишенем", - деп жазган сүрөтчү өзүнүн баракчасына.
Сүрөт 1 жыл мурун тартылганы менен аны Баумгартнер эми гана бөлүшкөн.