Сальвадордун өлкө башчылыгына келген Найиб Букеле өзүнүн шайлоо учурундагы сөздөрүнө туруп кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө катуу чараларды көрүп жаткан мезгили. Анын жакында эле социалдык тармакка чыгарган сүрөттөрү кызуу талкууга алынган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Сүрөттөр абакта тартылган, анда соттолгондор арасында эч кандай аралык сакталбастан, колуна кишен салынып, жерде тизелеп отурганын көрүүгө болот. Бийлик өкүлдөрү муну кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө болгон катаал чаралар деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле түрмөнүн эшик, терезелери жука калай менен тосула баштаган.
"Белгилүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү мурун бири-бирин өлтүрүп салбасын деп башка абактарда кармалса, мындан ары бир абакта кармалышат. Террордук топторду аралаштырдык. Эми мурдагыдай болбойт. Өлкөнү башкарып жаткан бийликке сый-урмат көрсөтүшөт", - деп билдирген вице-президент Осирис Луна.
Сальвадор кылмыштуулук, адам өлтүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган. Акыркы айларда адам өлтүрүү боюнча көрсөткүч 30 пайызга кыскарган. Өлкөдөгү эң чоң уюшкан "Мара Салматруча" (MS-13) менен атаандаш "Баррио 18" деген кылмыштуу топтор бар. Бул топтогулардын саны жалпы 70 миңге жетет. Алар опузалоо, баңгизат соодасы жана башка кылмыштар менен алектенет.