Австриянын борбору Вена шаары дүйнө жүзүндөгү эң таза, жашыл шаар деп аталды. Бул рейтингди "Resonance Consultancy" консалтинг компаниясы түзгөн.
Аталган компания дүйнө боюнча шаарлардагы бактардын көп отургузулушу, шаардыктар үчүн сейилдөөгө ылайыкташкан жайлардын көптүгү жана абанын булгануусунун деңгээлин эске алып, рейтингди чыгарган. Австриянын Вена шаарында сейил бактар көп болуп, коомдук транспорттун өнүккөндүгү эске алынып, эң таза жана жашыл шаар деп табылган. Маалыматка ылайык, аталган шаарда жашоочулар абаны булгабайлы деп автоунаалардан баш тартышкан. Рейтингде экинчи орунга Мюнхен шаары, 3-орунга Берлин шаары жайгашкан. Ошондой эле Мадрид, Сан-Паулу, Манчестер, Лиссабон, Сингапур, Амстердам жана Вашингтон таза шаар деп аталган.