Чүйдө сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштери улантылууда
1-сентябрда Чүй районунун Мээнеткеч айылында жаш
бала сууга чөгүп кетти. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя саат 17:45 чамасында
болгон. Аталган айылдагы “Р8” каналына 5 жаштагы Дастан Эмилов чөгүп кеткен. Куткаруу
кызматынан 4 куткаруучу жана туугандары
тарабынан 10 адам издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон жок. Учурда издөө
иштери улантылууда